• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Нуран Ниязалиев Катарда жашаган кыргызстандыктар менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 03.05.19. /Кабар/. Күн мурун КР Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Катарда жашаган кыргызстандыктар менен жолукту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө мекендештерге актуалдуу болгон маселелер боюнча пикир алмашуу болгон.

"Н.Ниязалиев чет өлкөдө жашаган кыргыз жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого багытталган министрликтин ишмердүүлүгү боюнча мекендештерге кабар берди", - деп айтылат маалыматта.

Жолугушуунун катышуучулары Катарда эмгек ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер боюнча суроолоруна тиешелүү жоопторду ала алышкан.

Пикир

Оставить комментарий