• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жыл башынан бери Кыргызстанда 22 миңден ашуун кылмыш катталды

Коом 0

Бишкек, 03.05.19. /Кабар/. 2019-жылдын 3 айында Кыргызстан боюнча укук коргоо органдары тарабынан 22 миң 164 кылмыш катталды. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, күн мурун ички иштер органдарынын 2019-жылдын 1-чейрек ичиндеги ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегия болуп өттү.

Коллегияга Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, министрдин орун басарлары, борбордук аппараттын башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын, кызматтарынын башчылары, облустук, шаардык ички иштер башкы башкармалыктардын жана башкармалыктардын жетекчилери ошондой эле республика боюнча жол кыймылынын коопсуздугун сактоо бөлүктөрүнүн жетекчилери да катышты.

Коллегияда министрдин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков негизги маселелерди камтыган доклады менен чыгып сүйлөдү. Ал өз сөзүндө ИИМдин бардык кызматтарынын үч ай ичиндеги ишмердүүлүгү, кылмыш бетин ачуу жана тергөө, алдын алуу иштеринин ал абалы, жол коопсуздугун жана ички кызматтык тартип боюнча аналитикалык баа берүү менен бирге кемчиликтерди да баса белгиледи.

Алсак, жыл башынан бери республика боюнча укук коргоо органдары тарабынан 22 миң 164 кылмыш катталган. Ал эми ички иштер органдары тарабынан 19 миң 252 кылмыш катталып, кылмыштын жалпы санынын 86,8 пайызын түздү. 2019-жылдын 3 айында республика боюна жалпы укук коргоо органдары тарабынан 17 миң 98 жорук катталган. Алардын ичинде 16 миң 845 жорук ички иштер органдарында катталган. Бул катталган жоруктардын жалпы санынан 98,5% түзгөн. Ички иштер органдарынын өндүрүшүндө 20 миң 442 кылмыш иши тергелүүдө.

Пикир

Оставить комментарий