• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чолпон-Атада «Медициналык илим жана билим жаатындагы инновация» конференциясы өтөт

Коом 0

Бишкек, 16.10.19. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарында «Медициналык илим жана билим жаатындагы инновация» аталышындагы ЖОЖдор арасында эл аралык илимий-практикалык конференция өтөт. Бул тууралуу «Кабар» маалымат агенттигинде өткөн жыйында Медицина боюнча жогорку мектебинин ректору Сталбек Ахунбаев билдирди.

Анын айтымында, аталган иш-чарада мугалимдер жана студенттер үчүн аралыктан билим алуу менен бирге эндоскопиялык хирургиянын мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө айтылат.

«Конференцияга Россиянын эндоскопиялык хирургиянын алдыңкы дарыгери профессор Владимир Юрченкону чакырдык. Аны менен бирге иш-чарага эл аралык деңгээлде иштеген медициналык журналдардын редакторлоруна чакыруу жибердик. Ошондой эле биздин илимий эмгектерибизди алардын журналдарына жарыялоо боюнча келишим түздүк», - дейт Ахунбаев.

Эл аралык жогорку Медициналык мектептин проректору Орозаалы Узаков белгилегендей, конференция «Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү» жылынын алкагында өткөрүлмөкчү.

«Иш-чарага жогоруда айтып өтүшкөндөй дүйнөнүн алдыңкы окумуштуулары катышат. Атап өтсөк, "Public Health" журналынын редактору, ирандык профессор Мохаммад Бахгер Рокхи, "Asia Pacific Journal of Canser Prevention" журналынын директору, Небраска штатынан 2 окумуштуу жана башкалар катышат», - деди Узаков.

«Азия – Тынч океан» уюмунун директор-кординатору Энтони Мурдун айтымында, рак илдетин алдын алууга өзгөчө маани берилиши керек.

«Эң негизгиси дени сак жашоону тандоо керек. Учурда дүйнөдө рак илдетине кабылып кайра айыккандардын саны канаттандыраарлык. Адам заты рак илдетинен толук арылуунун жолунда. Албетте, ар бир адам каза болот, бирок организмдин картайышы бир топ оор ооруларга алып келет. Бүгүнкү күндө рак оорусу менен алпурушуп келе жаткандар арасында тизменин сап башында Түштүк Корея турат. Ал жерде ооруга 100 миңдин 300ү чалдыккан. Ооруга чалдыккандарды каттоо көрсөткүчү боюнча да аталган өлкө алдыда турат», - деди Мур.

Пикир

Оставить комментарий