• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Япониянын Кыргызстандагы жаңы элчисинин дипломатиялык миссиясы башталды

Саясат 0

Бишкек, 05.10.19. /Кабар/. Күн мурун КР Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Япониянын Кыргызстандагы кайрадан дайындалган элчиси Сигэки Маэдадан ишеним грамоталардын көчүрмөсүн алды. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, министр Сигэки Маэданы Япониянын КРдагы элчиси кызматына дайындалышы менен куттуктап, анын дипломатиялык ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.

"Туруктуу достук колдоосу жана Кыргызстанда ийгиликтүү ишке ашырылып жаткан долбоорлору үчүн япон тарабына ыраазычылык билдирди. Тараптар эки тараптуу мамилелердин учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин, экономикалык кызматташтыкты активизациялоо боюнча чараларды талкуулашты. Япон инвестицияларын Кыргызстанга тартуу маселелери боюнча пикир алмашышты", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий