• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ирандын тышкы иштер министри сапары менен Кыргызстанга келет

Саясат 0

Бишкек, 17-апрель /Кабар/. 18-19-апрелде Иран Ислам Республикасынын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф сапары менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алдыдагы сапарынын алкагында Ирандын ТИМ башчысы КРнын Президенти Алмазбек Атамбаевдин кабыл алуусунда болуп, Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен жолугат.

Сапардын алкагында кыргыз-иран мамилесинин абалын жана келечегин талкуулоо пландалууда. Атап айтканда, тараптар саясий диологду өнүктүрүү, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык жаатта кызматташтыкты бекемдөө, андан тышкары эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттерди талкуулашат.

Пикир

Оставить комментарий