• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Таирбек Жумашбек уулу Бакудагы өспүрүмдөр арасындагы эркин күрөш боюнча турнирде күмүш медаль алды

Спорт 0

Бишкек, 17-апрель /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Таирбек Жумашбек уулу Бакудагы өспүрүмдөр арасындагы эркин күрөш боюнча «Azerbaijan Wrestling Federation Cup» турниринде күмүш медаль жеңип алды.

КР күрөш федерациясынан билдиришкендей, турнир 13-16-апрелде Бакуда өттү.

Мелдешртерге 10 өлкөнүн балбандары катышышты. Анын ичинде: Украина, Россия, Казакстан, Кыргызстан, Беларусия жана Латвия, Тажикстан жана башка өлкөлөр бар. Кыргызстандан ага машыктыруучу Нурлат Такировдун жетечилиги алдында 5 спортчу катышты.

Таирбек Жумашбек уулу 42 кг чейинки салмак категориясында 2-орунду алды.

Пикир

Оставить комментарий