• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын курама командасы Алматадагы турнирде 11 алтын жеңди

Спорт 0

Бишкек, 10-июль /Кабар/. Салттуу ушу боюнча Кыргызстандын курама командасы Алматада 6-7- июлда өткөн “Алатаунун жылдыздары-2017” аттуу турнирде 11 алтын, 7 күмүш жана 2 коло медаль тагынышты.

Салттуу ушу федерациясынан билдиришкендей, аталган таймашка Кыргызстандан 14 спортчу катышкан.

“Биздин ушучуларыбыз салттуу, ушунун спорттук стилиндеги ыкмалар, куралсыз техникада ар түрдүү куралдар менен: маселен бакан, кылыч ж.б. ыкмаларды көрсөтүштү”,-деп билдирди федерациядан.

“Алатаунун жылдыздары-2017” турнири салттуу ушу боюнча эл аралык турнирлерге даярдык катары эсептелет.

Кыргызстандын командасы Казакстандын ушу федерациясынын вице-президенти Е. Колокольниковго ыраазычылык билдирет.

Пикир

Оставить комментарий