• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Оппозициячы Халтмаагийн Баттулга Монголиянын президенти болду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 10-июль /Кабар/. Монголиянын оппозициячыл Демократиялык партиясынын талапкери Халтмаагийн Баттулга өлкө президентин шайлоодо жеңип чыкты. Бул тууралуу “Монголия бүгүн” билдирди.

Алдын ала маалыматтар боюнча Баттулга 580 миң добуш алып, башкы атаандашы 468 миң добуш алган Элдик партиянын талапкери Миеэгомбын Энхболддон озуп чыккан.

Добуш берген жалпы шайлоочулардын саны 1 млн ашканда шайлоо өттү деп эсептелет. Акыркы жыйынтыктары бардык добуштарды эсептеген соң жарыяланат.

Булагы: CA-NEWS

Пикир

Оставить комментарий