• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткенде көп балалуу энелерге турак жай берилди

Аймак 0

Бишкек, 05.10.19. /Кабар/. Баткенде 106 үй-бүлө кайтарымсыз турак жай менен камсыз болду, - деп маалымдайт өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Баткен шаарында мындан үч жарым ай мурда курулуп баштаган социалдык шаарча пайдаланууга берилген.

"Кыска аралыкта курулушу аяктаган шаарчанын ачылышына курулуш иштерин толугу менен каржылаган Кувейт мамлекетинен келген коноктор, КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров, КРнын өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Кеңеш Салихов баштаган жергиликтүү жетекчилер, шаар тургундары жана турак жай алуучулар катышты", - деп айтылат маалыматта.

Социалдык шаарча 25 турак үйдөн, 4 батирден турат. Батирлерде жашоо үчүн керек болгон бардык шарттар түзүлүп, эмеректер менен камсыздалган. Шаарчанын айланасына ФАП, балдар бакчасы, футболдук аянтча жана мечит салынган.Ошондой эле таза суу линиясы тартылып, ар бир үй таза суу менен камсыз болгон.

"Аталган чоң обьект багуучусу жана турак жайы жок көп балалуу аялдарга кайтарымсыз берилди", - деп кошумчалашты өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий