• 88.68
  • 95
  • 0.95

УКМКнын Кемин райондук бөлүмчөсүнүн жаңы салынган имараты ачылды

Аймак 0

Бишкек, 02.11.23. /Кабар/. Бүгүн Чүй облусунун Кемин районунда УКМКнын Чүй облусу боюнча Кемин райондук бөлүмчөсүнүн жаңы имаратынын расмий ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - КР УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев, Кемин районунун акими А. Жумаев, башкармалыктын өздүк курамы жана ардагерлер катышты.

Жаңы имарат бардык заманбап талаптарга жооп берет жана толугу менен улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин натыйжалуу ишин уюштуруу үчүн зарыл болгон эмеректер менен жабдылган.

УКМК төрагасы өз сөзүндө улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине кайрылып, мамлекеттин коопсуздугу үчүн жүктөлгөн милдеттерди жогорку кесипкөйлүк менен аткаруу зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле, өлкөдө укук тартибин чыңдоо, мамлекеттик кызматкерлер арасындагы коррупцияны жоюу жана уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу, коопсуздук кызматкерлеринин башкы милдети экенин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий