• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Алай районунда мобилдүү клиника калкты тейлей баштады

Аймак 0

Бишкек, 05.08.20. /Кабар/. Алай районунда көчмө клиника иштей баштады, - деп кабарлайт өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Ош облусуна караштуу Алай районунда мобилдүү клиника калкты тейлей баштаган.

"Мобилдүү клиниканын ичинде рентген аппараты бар, терапевт, пульмонолог, дарыгерлер элди акысыз көрүп, жардам көрсөтүүдө. Көчмө клиника ушул жума аяктаганга чейин райондун борбору Гүлчө айылында болуп, андан соң бүтүн райондун айылдарын кыдырат", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий