• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда 2020-жылы 213 даана айыл чарба техникасы лизингге берилген

Өкмөт 0

Бишкек, 05.08.20. /Кабар/. 2020-жылы 213 даана айыл чарба техникасы лизингге берилген. Бул туурасында бүгүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов брифингде билдирди.

«2018-жылы 338 айыл чарба техникасы лизингге алынса, 2019-жылы – 341, ал эми 2020-жылы 213 даана айыл чарба техникасы лизингге алынды. Буга катар үстүбүздөгү жылы лизингдик программага жалпысынан 571,9 млн сом бөлүнгөн. Техникадан тышкары, малдын асылдуулугун жакшыртуу максатында 2019-жылдан тартып, мал да лизингге алына баштаган. Бул системаны андан ары өркүндөтүп, учурда өнөр жай жабдууларын да лизингге берүү боюнча финансылык инструменттер иштелип жатат. Муну менен бирге бизнести колдоочу институттардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу мексатында мамлекеттик лизинг компаниясын түзүү пландалууда», - деди Премьер-министр.

Пикир

Оставить комментарий