• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош облусунда 200 орундуу инфекциялык оорукананын курулушу 80 пайызга аяктады

Аймак 0

Бишкек, 05.08.20. /Кабар/. Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл аймагынын Баш-Булак айылындагы №59 кесиптик лицейдин имаратын ооруканага айландыруу боюнча имаратты демонтаждоо иштери 80 пайызга аткарылды. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Өкүлчүлүктүн маалыматына караганда, имараттын чатыры жана отканасынын чатыры 80 пайызга, терезесин орнотуу 50 пайызга аткарылып, отканасынын чатыры аяктоо алдында турат.

Имараттын 1-2-3-кабатында шыбак жумуштары, электр монтаждоо жумуштары журуп жатат. Сырткы жылытуу системасы толугу менен бүтүп, ички жылытуу системасынын түтүктөрүн орнотуу 70 пайызды түзөт. Учурда обьектте 53 жумушчу иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий