• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад облусунун башчысы Тогуз-Тородо эл менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Аймак 0

Бишкек, 09.07.21. /Кабар/. КР министрлер кабинетинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Тогуз-Торо районунун мекеме-ишкана кызматкерлери жана район активдери менен жолугушту. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жыйында таза суу, сугат суу, жол оңдоо, кооптуулук жараткан дарыя жээктерин бекемдөө жаатында алыскы аймактагы калкты түйшөлткөн бир катар маселелер көтөрүлүп, тийиштүү облустук мекемелердин жетекчилерине суроолор берилип, талкууга алынды.

Облус өкүлү айтылган бардык маселелер, сунуштар боюна тармактарды тейлеген жетекчилер менен биргеликте атайын иш-чара түзүлүп, тийиштүү деңгээлдеги жумуштар жүрөөрүн айтты.

Пикир

Оставить комментарий