• 88.68
  • 95
  • 0.95

Таласта аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бизнес ачууга же өнүктүрүүгө каражат бөлүнөт

Аймак 0

Бишкек, 11.08.22. /Кабар/. Талас шаарынын мэриясы жана Талас райондор аралык эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы Талас шаарындагы балдарга жөлөкпул алган үй-бүлөлөргө 100 миң сом өлчөмүндө жардам көрсөтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Талас шаарынын вице-мэри Мира Сейдикеримова баштаган комиссия курамы социалдык контракттын (келишимдин) негизинде социалдык жардам көрсөтүүгө арыз менен кайрылган жарандардын үйлөрүн кыдырып, алардын шарты менен жеринде таанышты.

Мал багам деген жарандардын короолору, тоок, өрдөк өстүрөм деп бизнес-план түзгөндөрдүн тоокканалары каралды. Ал эми тигүүчүлүк менен алектене турган жөлөкпул алуучулардын үй шарты дагы комиссиянын сынынан өттү.

Белгилей кетсек, Талас шаарынан учурда балдарга жөлөкпул алган үй-бүлөлөрдүн ичинен 25 жаран бизнес-план түзгөн. Алардын ичинде тигүүчүлүк, бал өндүрүү, ширетүүчү, желимдөө (вулканизация), кондитер азыктарын жасоо, тоок, эчки, кой, ири мүйүздүү мал багуу жана ишкерликтин башка түрлөрү боюнча арыз менен кайрылгандар бар.

Бизнес-планды Талас шаарынын мэриясында убактылуу комиссия карап, чечим чыгарат, 100 миң сом алгандан кийин ай сайын мониторинг жүргүзүлүп турат жана үч айдан кийин жөлөкпул алуу үч жылга токтотулат.

Пикир

Оставить комментарий