• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ККМ ишке киргизүү боюнча Графиктин үчүнчү жана төртүнчү этаптары күчүн жоготту

Өкмөт 0

Бишкек, 17.07.18. /Кабар/. Маалыматтарды онлайн режиминде берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды ишке киргизүү боюнча Графиктин үчүнчү жана төртүнчү этаптары күчүн жоготту. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Аталган чечим жүргүзүлүп жаткан саясаттын ырааттулугун камсыздоо максатында кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын ишке киргизүүнүн алкагында маалыматтарды онлайн режиминде берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды колдонууну пландуу өркүндөтүүнү эске алуу менен, субъекттер тарабынан маалыматтарды онлайн режиминде берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды ишке киргизүү жана колдонуу графигинин “3-этап” жана “4-этап” деген главалары күчүн жоготту деп таануу чечимин кабыл алды.

Пикир

Оставить комментарий