• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ак-Сууда бала бакчанын имараты жана жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Аймак 0

Бишкек, 05.04.23. /Кабар/. Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун Ак-Булуң айылындагы жалпы баасы 26 млн 10 миң сомду түзгөн “Балажан” бала бакчасынын 3 корпустуу имараты жана 4800 чарчы метр жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, Ак-Суу райондук прокуратурасы тарабынан козголгон сот өндүрүшүнүн жыйынтыгы менен сот органдары тарабынан жогоруда аталган объекттерди жеке менчикке өткөрүү боюнча укук белгилөөчү иш-кагаздары жараксыз деп табылган.

Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде аталган объектилер Ак-Булуң айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий