• 88.68
  • 95
  • 0.95

Астанада кыргыз-казак бизнес-форуму өтүп, 10го жакын меморандумга кол коюлду

Экономика 0

Бишкек, 17.04.24. /Кабар/. Бүгүн Казакстандын Астана шаарында “Кыргызстан – Казакстан” бизнес-форуму өттү. Иш-чара Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун 18-19-апрель күндөрү Казакстанга боло турчу расмий сапарынын алкагында уюштурулган. Бул тууралуу КР президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен кабарлашты.

Форумга КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Адылбек Касымалиев, улуттук агенттиктин директорунун орун басары Жалын Жээналиев, биргелешкен идеяларды жана долбоорлорду ишке ашырууга жана эки өлкөнүн бизнес өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын алкагында курулуш, туризм, инновациялар, айыл чарба жана башка тармактарда бир катар меморандумдарга кол коюлду. Алар:

1. КР президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен TGS-Energy Limited компаниясынын ортосундагы Кыргызстандын аймагында жалпы кубаттуулугу 250 МВт күн электр станцияларын куруу долбоорун ишке ашыруу жөнүндө меморандум;

2. Кыргызстандын аймагында ферросплав заводду куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча Таш-Көмүр шаарында ферросплав заводду куруу долбоорун ишке ашырууга кызыкдар экендиги жөнүндө меморандум;

3. КР президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен Kazakh Invest Улуттук компаниясы ААКсынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

4. КР президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен Visor Kazakhstan ЖЧШсынын ортосундагы меморандум. Кыргызстандын аймагында аянты 35 миң чарчы метрге чейин бөлүштүрүүчү борборду куруу долбоорун ишке ашыруу;

5. КР президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору менен Sergek Group ортосунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, шаардык инфраструктураны башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле инновациялык технологияларды ишке киргизүү жаатындагы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташуу жөнүндө меморандум;

6. "Дан Агро Азыктары" ЖЧКсы менен Harman NK ЖЧШсынын (Харман НК) ортосундагы меморандум. Дан азыктарын жеткирүү;

7. "Алайку Органикс" ЖЧКсы (Кыргыз Республикасы) менен FreeMark ЖЧШсынын (Казакстан Республикасы) ортосундагы эл аралык соода байланыштарын өнүктүрүү боюнча өз ара кызматташуу жөнүндө меморандум;

8. "Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" ачык акционердик коому менен Kazakh Tourism Улуттук Компаниясы акционердик коомунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум;

9. "Догал агрохимикаттар жана пестициддер" ЖЧКсы менен DALA-FRUIT.KZ ЖЧШсынын ортосундагы меморандум.

Пикир

Оставить комментарий