• 88.68
  • 95
  • 0.95

Караколдун көчөлөрүнө адамды жүзүнөн тааныган 118 камера орнотулду

Аймак 0

Бишкек, 01.02.23. /Кабар/. Каракол шаарынын көчөлөрүнө адамды жүзүнөн тааныган 118 видеокамера орнотулду.

Шаардык муниципалитеттен билдиришкендей, 2021-жылдан тартып мэр Эрмат Жумаевдин демилгеси менен шаарда камера орнотуу боюнча иштер башталган. Ошондой эле шаардык ички иштер башкармалыгынын имаратында коршумча видеобайкоо пункту ачылган.

Камералар кылмыштуулукту азайтып, көчөлөрдө коопсуздукту сактоого жардам берет.

Видеокамералар адамдын жүзүн таануу функциясы менен жабдылган жана изделип жаткан кылмышка шектүүлөрдү табууга көмөктөшүп, унаанын мамлекеттик номерин жаза алат. Ошондой эле шаардагы абалды реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөп, кырсык болгон учурда чукул кырдаал болгон жерге тиешелүү кызматтарды ыкчам жөнөтүүгө болот.

Видеокамераларды орнотуу иштери шаар мэриясынын эсебинен жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий