• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ноокат районунун аймагына 35 видео-байкоо камералары орнотулду

Аймак 0

Бишкек, 02.03.23./Кабар/. Ош облусунун Ноокат районунун аймагындагы коомдук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн, кылмыштарды алдын алуу үчүн " Коопсуз район" долбоору ишке кирди. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын алкагында 35 видео байкоочу камералар орнотулду.

Белгилей кетсек, буга чейин президенттин өкүлү Зиядин Жамалдинов облустун аймактарына коомдук коопсуздукту жана кылмыштуулукту алдын алуу үчүн видео көзөмөл камераларды орнотуу тапшырмасын берген.

Пикир

Оставить комментарий