• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад мэри Курманбек аймактык башкармалыгынын жашоочуларынын көйгөйлөрүн укту

Аймак 0

Бишкек, 13.03.24. /Кабар/. Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков Курманбек аймактык башкармалыгынын жашоочулары менен жолугушту.

Мэриядан билдиришкендей, жолугушууга шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты.

Жолугушуу суроо-жооп форматында өтүп, жашоочулар тарабынан бир катар көйгөйлүү маселелер айтылып, ошол эле учурда шаардагы жасалып жаткан иштерге ыраазычылыктарын билдиришти.

Шаар мэри элдин суроолоруна жооп берип, тийиштүү жетекчилерге жеринде тапшырмаларды берди. Ошондой эле алдыда жасалуучу жумуштар боюнча да учкай токтолду.

Белгилей кетсек, мэрдин эл менен жолугушуусу алдыда Спутник, Достук жана Ч.Айтматов аймактык башкармалыктарында өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий