• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Шакиев Түркиянын Инөнү университетинин ректору Ахмет Кызылай баштаган делегацияны кабыл алды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 13.03.24. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Түркиянын Малатья шаарындагы Инөнү университетинин ректору, профессор, академик Ахмет Кызылай баштаган делегацияны кабыл алды.

Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда адам органдарын трансплантациялоо боюнча медициналык тейлөөнү өнүктүрүү, саламаттык сактоо мекемелерине заманбап дарылоо ыкмаларын киргизүү маселелери талкууланды.

Нурланбек Шакиев Кыргызстанда адам органдарын трансплантациялоого багытталган көйгөйлөр өтө көп экенин белгилеп: «Натыйжада илдетке чалдыккан жарандарыбыз чет мамлекеттерге барып, дарыланууга аргасыз. Буга байланыштуу акыркы жылдары саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүп, заманбап дарылоо ыкмаларын киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Айрыкча адам органдарын трансплантациялоо менен байланышкан дүйнөлүк тажрыйбаларды колдонуу менен сапаттуу медициналык тейлөөгө жетишүү башкы максатыбыз», – деди.

Ошондой эле аталган багыттарда Түркия мамлекетинин дарыгерлеринин тажрыйбасы өтө чоң экенин белгилеген төрага биргелешип иш алып баруунун маанилүүлүгүнө токтолду.

Муну менен катар Жогорку Кеңеш саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүүгө багытталган бардык демилгелерди колдой турганын билдирди.

Өз кезегинде академик Ахмет Кызылай Нурланбек Шакиевге жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Инөнү университетинин делегациясы органдарды трансплантациялоо кызматын өнүктүрүү боюнча алдыңкы тажрыйбалары менен бөлүшүү үчүн келгенин белгиледи.

Тагыраагы, Инөнү университетинин медициналык борбору органдарды трансплантациялоо боюнча алдыңкы клиникалардын бири экенин айткан академик Ахмет Кызылай акыркы 22 жыл аралыгында 3700дөн ашык операциялар ийгиликтүү жасалганын маалымдады.

Жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары Улугбек Ормонов менен Бактыбек Сыдыков да катышты.

Пикир

Оставить комментарий