• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Эрмек Мамбетжанов ИИМдин Катчылыгынын башчысы болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 13.03.24. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Катчылык башкы башкармалыгынын башчысы болуп Эрмек Мамбетжанов дайындалды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамбетжановду аталган кызматка дайындоо боюнча тиешелүү буйрук 12-мартта чыккан.


Эрмек Мамбетжановдун үч жогорку билими бар. КР ИИМдин Академиясына 1998-жылы тапшырып, ички иштер органдарынын тутумунда 2003-жылы милициянын аймактык тескөөчүсү кызматынан баштаган, 2005-жылдан тартып, ички иштер органдарынын ар кандай ыкчам кызматтарында кызмат өтөп келген.

2019-жылдан баштап ИИМдин Ички иликтөө кызматынын бөлүм башчысы кызматтарын жетектеп кызмат өтөп келген.

Пикир

Оставить комментарий