• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргыз-Өзбек ишкерлер кеңешинин III жыйыны өттү — жетишилген макулдашуулар

Экономика 0

Бишкек, 13.03.24. /Кабар/. Кыргыз-Өзбек ишкерлер кеңешинин үчүнчү жыйынына жүздөн ашык бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышты, деп билдирет КР Соода-өнөр жай палатасынын (СӨП) басма сөз кызматы.

Кыргыз делегациясын КР СӨПтүн президенти Темир Сариев жетектеди.

Күн тартибиндеги негизги маселелер Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунан инвестиция тартуунун алкагында биргелешкен ишкерликти өнүктүрүү болду.

Бул маселе боюнча фонддун башкармалыгынын төрагасы Азиз Аалиев уюмдун ишмердүүлүгү жана мүмкүнчүлүктөрү боюнча баяндама жасады.

Мындан тышкары, тез бузулуучу азыктар үчүн жашыл коридор ачуу, жалпы лаборатория, санитардык көзөмөл, кошумча постторду ачуу жана темир жол транспортун көбөйтүү маселеси талкууланды.

КР Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев белгилегендей, Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери эки өлкөнүн ортосундагы өз ара кызматташууга бекем пайдубал түзүштү.

"Учурда мамлекеттер ортосундагы товар жүгүртүү 1 миллиард долларга жакынды түздү. Өткөн жылы бизнес-форумда Өзбекстандын президенти бул көрсөткүчтү 2 миллиард долларга жеткирүү милдетин койгон. Ал үчүн мамлекет башчылары товар жүгүртүүнү түзүүнү тапшырган. Бизнес үчүн жагымдуу шарттар, ачык жашыл коридорлор. Бул маселелер акырындык менен жакшы жагына чечилип жатат”, - деди Темир Сариев.

Ишкерлер кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын "Алайку Органикс" жана Өзбекстан Республикасынын Milk House компаниясынын ортосунда тамак-аш азыктарын өз ара өндүрүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Ошондой эле ишкерлердин B2B жолугушуулары өтүп, анда келишимдерге кол коюлуп, бир катар макулдашууларга жетишилди.

Пикир

Оставить комментарий