• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Салык кызматы "Салык карызын кыскартабыз" бир айлыгын өткөрөт

Экономика 0

Бишкек, 20.09.18. /Кабар/. Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы сентябрь айында өтө турган "Салык карызын кыскартабыз" бир айлыгын өткөрөт. Бул тууралуу аталган ведомстводон кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, бир айлык салык карызын өндүрүү жана аны кыскартуу боюнча салык органдарынын иштерин күчөтүү максатында жүргүзүлөт.

Акциянын жүрүшүндө аймактык салык органдары жер-жерлерде салык карызын өндүрүү боюнча иштерди күчөтүшөт. Анын негизинде материалдарды салык карызын мажбурлап өндүрүү үчүн сотко өткөрүп берүү, салык төлөөчүнүн мүлкүн тизмектөө, алыш-бериш эсебине салык төлөм талаптарын коюу, банктагы эсебин жабуу, карыз болгон субъектилердин жетекчилерине жана башкы бухгалтерлерине административдик айып салуу сыяктуу ж.б. чаралар көрүлмөкчү.

Салыкчылар тарабынан ошол эле учурда жер-жерлерде эсептелген төлөмдөрдү өз убагында жана толугу менен төлөө, салыктарды төлөөнүн мөөнөттөрү тууралуу салык төлөөчүлөр арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлмөкчү.

Үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрына карата республика боюнча салык карызынын суммасы 3 млрд 42 млн сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий