• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баткен облусунда 153 айылга интернет тартылган

Аймак 0

Бишкек, 05.11.19. /Кабар/. Бүгүнкү күнү Баткен облусунда 153 айылга интернет тартылган. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Өкүлчүлүктөн белгилешкендей, учурда облустун 48 медициналык мекемесине интернет тартылып, 76 мекемеге интернет тартуу иштери жүрүп жатат.

Ошондой эле облустагы 235 мектептин ичинен 138 мектеби (1-октябрга карата) интернетке кошулган. Ошол эле учурда санариптештирүү долбоору башталганга чейин эле облустун 91 мектебинде интернет бар болгон.

Облустун эки мектебине – Зардалы айылындагы Н. Сүйүнов атындагы мектепке жана Кадамжай районуна караштуу Көтөрмө айыл аймагындагы "Кара-Шоро" башталгыч мектебине интернет тартып барууга техникалык мүмкүнчүлүктөр жок.

Пикир

Оставить комментарий