• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Баткен: абал турукташып, жарандар үйлөрүнө кайтууда

Аймак 0

Бишкек, 28.01.22. /Кабар/. Баткен облусундагы абалга байланыштуу кооптуу аймакка жакын жайгашкан айылдардан эвакуациялангандардын 9 миң 880 жаран туруктуу жашаган жерлерине кайтып келүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, жарандарды кайра көчүрүү иши ӨКМдин Баткен облустук башкармалыгынын куткаруучулары жана Жарандык коргонуунун атайын бөлүнгөн техникалары тарабынан жарандарды туруктуу жерине жайгаштыруу иши жүргүзүлүүдө. Маалыматка ылайык, жарандар өздөрүнүн жеке унаалары менен да үйлөрүнө кайтып жатышат.

Белгилей кетсек, Баткен облусу боюнча 11 миң 52 адам эвакуацияланып, алардын ичинен 10 миң 410и туугандарынын үйлөрүнө, 642 киши жарандарды коопсуз жайга жайгаштыруу максатында даярдалган 7 пунктка жайгаштырылган.

Аталган пункттарда ӨКМдин Баткен облустук түзүмдөрү күчөтүлгөн режимде иштеп, жарандарды ысык тамак-аш, биринчи кезекте зарыл болгон гигиеналык каражаттар, 670 комплект (төшөк, жаздык, матрац, шейшеп) менен камсыздашкан.

Эскерте керсек, Баткен облусундагы абалга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн иш-чараларды жеринде өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев кординациялоодо.

Белгилей кетсек, буга чейин КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы 27-январь саат 20:30га карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал салыштырмалуу чыңалуу деп мүнөздөлгөндүгүн маалымдаган.

Такталган маалыматтар боюнча, Төрт-Көчө жерлигиндеги Баткен-Исфана автожолу Тажикстандын жарандары тарабынан жабылып, Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында саат 19:30да жол каттамы ачылган.

Бирок кайра эле саат 19:35тер чамасында кырдаал курчуп, тажик тарап Баткен районунун Чыр-Дөбө жерлигинде УКМКнын Чек ара кызматынын чек ара тарамдарын көздөй ок чыгарышкан.

Кыргызстан менен Тажикстандын Чек ара кызматынын чек ара тарамдарынын атышуусу Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбө жерлигинде болуп, тажик тарап миномет жана гранатометторду колдонгон.

Чек арадагы чырдан 11 адам жабыркап, ӨКМ чек ара тилкесинде жашаган 11 миңден ашуун адамды коопсуз жайга эвакуациялады.

Ал ортодо КРнын Ички иштер министрлиги Баткен районунун Көк-Таш айылындагы окуя боюнча кылмыш иши козголгондугун кабарлады.

Бүгүн кайрадан тараптардын сүйлөшүүсү уланып, Кыргызстан менен Тажикстан аскердик түзүлүштөрдү тиешелүү чек ара сызыгынан чыгарууну макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий