• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Былтыр Мамкурулуш 13 миң 760 сертификаттоо, көзөмөлдөө жана жеринен сыноолорду жүргүзгөн

Коом 0

Бишкек, 28.01.22. /Кабар/. Өткөн жылы Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан курулуш материалдарына, буюмдарга жана конструкцияларга 13 миң 760 сертификаттоо, көзөмөлдөө жана жеринен сыноолор жүргүзүлдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 2 миң 346 сертификациалык сыноолор, номенклатура боюнча кен эмес материалдар, бетон аралашмалары, бетон жана темир бетон контрукциялары, курулуш кургак аралашмалары, карапа кышы, болот арматуралары, жол материалдары үстөмдүк кылат. 11 миң 414 көзөмөлдөө жана жеринен сыноолор, номенклатура боюнча кен эмес материалдар, бетон аралашмалары, бетон жана темир бетон контрукциялары, таш конструкциялары, арматурадан күрөөгө коюу буюмдары, темир бетон конструкциялары үчүн ширетилген арматура бирикмелери үстөмдүк кылат.

Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында бардыгы болуп 1 миң 290 шайкештик сертификаты берилип, мамлекеттик реестрге киргизилди.

Берилген сертификаттардын жалпы санынан 595и республикада өндүрүлгөн курулуш продукциясына жана 608и республикага алынып келүүчү курулуш продукциясына берилген.

Белгилесек, 2021-жылдын аралыгында 191 мекеме 1 миң 232 ченемдик документтер менен камсыз болуп, 181 инженердик-техникалык жумушчулары окуп жана квалификациясын жогорулатты.

Пикир

Оставить комментарий