• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ардагер Султаналиев: Судьяларды ротациялоо – ишти кароодо тууган-уруктан алыс болууга жардам берет

Коом 0


Бишкек, 20.05.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын 30-апрелинде кол койгон жарлыкка ылайык, жергиликтүү соттордун айрым иштеп жаткан судьялары башка жергиликтүү сотторго которулду.

Кызыкчылыктардын кагылышуусун, коррупциялык тобокелдиктерди болтурбоо, жергиликтүү соттордун судьяларынын ишинде калыстыкты камсыз кылуу максатында жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбековдун сунушуна ылайык, жергиликтүү сотторунун айрым судьялары которулду.

КРнын эмгек сиңирген юристи, сот тутумунун ардактуу ардагери Кенжебек Султаналиев Садыр Жапаровдун судьяларды ротациялоо демилгеси туура экендигин белгилеп кетти.

“Ротация – деген өтө жакшы иш. Көбү тууган-урук деген түшүнүк менен кайрылат да. Ал эми ротация ошондон алыс болууга жардам берет. Бул мамлекетибизге дагы пайдалуу”, - дейт ардагер.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен которулган судьялардын тизмеси менен бул жерден таанышууга болот.

Пикир

Оставить комментарий