• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Соттор кайсы аймакта болбосун мыйзамдын чегинде иш алып барышы керек — Абдылдаев

Коом 0


Бишкек, 20.05.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын 30-апрелинде кол койгон жарлыкка ылайык, жергиликтүү соттордун айрым иштеп жаткан судьялары башка жергиликтүү сотторго которулду.

Кызыкчылыктардын кагылышуусун, коррупциялык тобокелдиктерди болтурбоо, жергиликтүү соттордун судьяларынын ишинде калыстыкты камсыз кылуу максатында жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбековдун сунушуна ылайык, жергиликтүү сотторунун айрым судьялары которулду.

Оштон Талас облустук сотуна судья болгон Алмазбек Абдылдаев кайсы аймакта болбосун соттор бир гана мыйзамдын чегинде иш алып барышы керектигин баса белгиледи.

“Биз белгиленген укуктук-ченемдик норманын негизинде гана иш жүргүзөбүз”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, Талас облустук сотуна жалпы сегиз судья келген.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен которулган судьялардын тизмеси менен бул жерден таанышууга болот.

Пикир

Оставить комментарий