• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сотторду ротациялоо: Адилеттүүлүккө өбөлгө

Коом 0


Бишкек, 20.05.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын 30-апрелинде кол койгон жарлыкка ылайык, жергиликтүү соттордун айрым иштеп жаткан судьялары башка жергиликтүү сотторго которулду.

Кызыкчылыктардын кагылышуусун, коррупциялык тобокелдиктерди болтурбоо, жергиликтүү соттордун судьяларынын ишинде калыстыкты камсыз кылуу максатында жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбековдун сунушуна ылайык, жергиликтүү сотторунун айрым судьялары которулду.

20 жылдан бери сот тармагында эмгектенип келген Тилек Мырзабаев эми жаңы жарлыктын негизинде Сокулук райондук сотунан Аламүдүн райондук сотуна которулду.

“Мектепте окуп жүргөндө эле ким болосуң деп сурашканда сот болом деп жооп берчүмүн. Мындай жооп бергениме атамдын, агамдын юристтик тармакта иштегени себеп болуп, менде сот болуп иштегендер элге жардам берет деген түшүнүк калыптынап калган”, - дейт ал.

Бул ротация масштабдуу орун которууну адилеттүүлүккө өбөлгө дешет сот кызматкерлери. Себеби буга чейин көпчүлүгү өзү туулуп-өскөн аймактарда иштегендиктен кызыкчылыктардын кагылышы калыстыкка маселе жаратып келген. Ошондой эле бул аракет аркылуу жемкорлукту азайтууга дагы ишеним артылууда.

Бишкек шаардык Ленин райондук сотунун судьясы Темирбек Абдраимов бир эле райондо төрөлүп, окуп, окуу жайды бүтүп, иштеген судьяда адилеттүү чечим чыгарууда кызыкчылыктардын кагылышы болушу мүмкүн деген ойдо.

“Судьянын ишинде доогер тарап, анан жоопкер тарап болот. Жоопкер тарапта анын досу болсо, айыпкер тарапта тууганы болуп калышы мүмкүн. Бул ишти адилеттүү чечүүдө маселе жаратат”, - деди ал.

Жогорку соттун төрагасынын буйругу менен атайын комиссия түзүлүп, ар бир судья боюнча талдоо жүргүзүлгөн. Соттор которулган аймакта жашоосу үчүн жергиликтүү бийлик тарабынан турак жай менен камсыздалууда.

Жогорку соттун судьясы Болотбек Акматовдун айтымында, акыркы 3 жылдагы иштерге талдоо жүргүзүлгөн. “Негизи жашаган жерде сот болуп иштөө туура эмес, ошон үчүн ротациялоо идеясы эң туура. Соттор кайда болсо дагы адилеттүү жана абийири менен иштеши керек. Турак жай менен камсыздоо жана башка тийиштүү шарттарды түзүү боюнча жаңы сотторго жергиликтүү бийлик жардам берет”, - деди ал.

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен которулган судьялардын тизмеси менен бул жерден таанышууга болот.

Пикир

Оставить комментарий