• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Каттоо кызматы 1-июлдан тарта туулгандыгы тууралуу күбөлүккө тиркеме кагазды берүүнү токтотот

Коом 0

Бишкек, 18.03.19. /Кабар/. Мамлекеттик каттоо кызматы ушул жылдын 1-июлунан тарта туулгандыгы тууралуу күбөлүккө тиркеме кагазды берүүнү токтотот. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

"Жашы жете элек балдарды Кыргызстандын чегинен мыйзамсыз чыгарып кетүү тобокелчилигин жокко чыгаруу үчүн 2019-жылдын 1-июлунан тарта Каттоо кызматы туулгандыгы тууралуу күбөлүккө баланын Кыргызстандын жараны экендигин тастыктаган тиркеме кагазын берүү үчүн документтерди кабыл алууну токтотот", - деп айтылат маалыматта.

Буга байланыштуу аталган мекеме, 16 жашка чыга элек балдарды өлкө сыртына чыгаруу үчүн жалпы республикалык (чет жерге чыгуучу паспорт) паспортту алуу керектигин эскертет.

"Ошондой эле белгилей кетсек, туулгандыгы тууралуу күбөлүккө мурда берилген тиркеме кагаздар анын мөөнөтү аяктаганча жарактуу деп саналат", - деп билдирет аталган мекеме.

Маалымат үчүн: Тиркеме кагаз КРнын 16 жашка чыга элек жарандарына туулгандыгы тууралуу күбөлүккө кошумча катары берилип, анын ата-энеси же мыйзамдуу өкүлүнүн коштоосунда Өзбекстан, Казакстан, Россиянын аймагына кирип-чыгуусуна, жүрүүгө укук берет.

Пикир

Оставить комментарий