• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түркияда кыргыз жараны октон жараат алды

Кырсык 0

Бишкек, 18.03.19. /Кабар/. Түркиянын Конак шаарында Кыргызстандын жаранын аткылашкан, - деп жазат Haberler.com.

Полициянын маалыматы боюнча, Гозэнтеп Махаллеси көчөсүндө белгисиз адам Фехми Арман аттуу жарандын автоунаасына тапанчадан ок чыгарган. Ал учурда унаанын артында 29 жаштагы Элнура Турманбетова аттуу жүргүнчү отурган. Октон жараат алган кыргыз кызы ооруканага жеткирилген. Учурда анын абалы туруктуу экендиги кабарланды.

Полиция ок чыгарган жарандын өздүгүн тактоо боюнча ыкчам-издөө иштерин баштаган.

Пикир

Оставить комментарий