• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте Турдакун Усубалиевди эскерүү иш-чарасы өттү

Коом 0

Бишкек, 05.11.19. /Кабар/. Бишкекте мамлекеттик жана коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналып аны эскерүү иш-чарасы болуп өттү.

Эскерүү иш-чарасына шаар тургундары, шаар бийлигинин өкүлдөрү, коомдук жана саясий ишмерлер ж.б. келишкен.

Эскерте кетсек, Турдакун Усубалиев 1919-жылы 6-ноябрда жарык дүйнөгө келип, 2015-жылы каза болгон. Ал Совет мезгилинде Кыргыз ССРин дээрлик чейрек кылым башкарып, көз карандысыздык жылдары Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Бишкек шаарындагы Ак үй, Өкмөт үйүнүн имараты, "Ала-Тоо" аянты, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармония, маданий, саламаттык сактоо ж.б. бир катар ири объекттер Турдакун Усубалиевдин тушунда курулган.

Пикир

Оставить комментарий