• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Өзбекстан менен Индия биргелешкен аскердик машыгуу өткөрүүдө

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 05.11.19. /Кабар/. Өзбекстан коргоо министри Баходир Курбанов индиялык кесиптеши Ражнат Сингх менен бирге өзбек-индия биргелешкен «Достук-2019» аскердик машыгуусунун ачылыш аземине катышты.

4-13-ноябрда Ташкент облусунда өтө турган иш-чара антитеррордук мүнөзгө ээ.

Индиялык басылмалар Индиянын коргоо министри Өзбекстанга 15 жылдан бери биринчи жолу иш сапар менен келгенин жазышты.

Сингх Өзбекстанда эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү, анын алкагында өз ара аракеттенишүү жөнүндө үч меморандумга кол коюлду. Алардын бири аскердик медицинага, экөө жогорку окуу жайларда аскердик билим берүүгө байланыштуу.

Пикир

Оставить комментарий