• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

2017-жылы пахта жана кызылча өстүрүүгө басым жасалууда – Айыл чарба министрлиги

Коом 0

Бишкек, 23-май /Кабар/. Быйыл аба ырайынын шарттарына жараша жазгы-талаа иштери 20-25 күнгө кечикти. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев билдирди.

Анын айтымында, ошентсе да өкмөттүн колдоосу менен иштер дээрлик 100%га жүргүзүлүүдө.

“Аба ырайынын өзгөрүшү дыйкандардын иштерине жана айдоого таасирин тийгизүүдө. Быйыл жаанчыл болгондуктан, биз аба ырайынын шарттарына чыдамдуу уруктарды себүүнү сунуштадык. Мындан тышкары, 23 миң тонна жер семирткич килограммы 17,5 сомдон алынып келинди”, - деди ал.

Ошондой эле, Айыл чарба министрлигинин башчысы быйыл дан эгиндерин айдоо кыскаргандыгын билдирди.

“Себеби, өлкөнүн айыл чарба багытын өзгөртүп техникалык өсүмдүктөргө өтүп жатабыз. Алсак, пахта жана кант кызылчасын өстүрүү көбөйдү”, - деди ал.

Мындан тышкары Н.Мурашев зыянкечтер, анын ичинде чегиртке менен күрөшүү боюнча жигердүү иштер жүрүп жатканын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий