• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Энергетика министри Дүйнөлүк банктын CASA-1000 долбоору боюнча миссиясы менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 10.11.22. /Кабар/. Бүгүн, 10-ноябрда КР энергетика министри Таалайбек Ибраев менен Дүйнөлүк банктын CASA-1000 долбоору боюнча миссиянын делегациясынын жолугушуусу өттү. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.

Маалыматка ылайык, миссиянын максаты CASA-1000 долбоорунун алкагында пландалган инфраструктуралык курулуш иштерин жана жергиликтүү коомчулукту колдоо долбоорун жүрүшүн карап чыгуу болуп саналат.

Жолугушуунун жүрүшүндө министри Таалайбек Ибраев жогоруда аталган долбоорду ишке ашыруунун учурдагы абалы, ошондой эле жалпы энергетика тармагынын пландары жана келечеги тууралуу жалпы маалымат берди. Өз кезегинде Дүйнөлүк банк Кыргызстандын энергетика тармагына бөлүнгөн финансылык каражаттар тууралуу маалымат берди.

Маалымат үчүн: CASA-1000 долбоору Борбордук Азия менен Түштүк Азиянын - Кыргызстан, Тажикстан, Афганистан жана Пакистандын энергетикалык тутумдарын байланыштырууга багытталып, эл аралык стандарттарга ылайык электр энергиясын сатуу боюнча механизмдерди иштеп чыгат.

Пикир

Оставить комментарий