• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Нарын облусунда 6,4 миң погондук метр унаа жол дезинфекцияланып, 374 кг хлор колдонулду

Аймак 0

Бишкек, 18.05.20. /Кабар/. Нарын облусунда 64 миң 800 погондук метр унаа жол дезинфекцияланып, 374 кг хлор колдонулду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан 17-майга карата өлкө аймагында жүргүзүлгөн дезинфекция иштери тууралуу маалымат берип жатып билдиришти.

ӨКМдин билдирүүсүнө караганда, күн мурун, 17-майда Нарын облусунун аймагында 2450 чарчы метр имараттын ичи, 6125 чарчы метр имараттын сырты жана 64 миң 800 погондук автоунаа жолдор залалсыздандырылган. Жалпы 374 кг хлор колдонулгандыгы айтылды.

Дезинфекциялоо иштери жарандар көп барчу объектилерде жүргүзүлөт: азык-түлүк дүкөндөрү, банк, базар, дарыкана, автоунаа жүрүүчү жолдор.

Пикир

Оставить комментарий