• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектин мэри кезексиз жыйын өткөрдү. Эмнелер талкууланды?

Коом 0

Бишкек. 09.07.23./Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров орун басарлары, райондордун акимдери жана шаардык кызматтардын жетекчилери менен кезексиз жыйын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө мэр шаардын негизги маселелерин чечүү боюнча бир катар маселелерди көтөрүп, орун басарларына жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерине протоколдук тапшырмаларды берди. Алар:

- Бишкек шаарынын Башкы планын иштеп чыгуу боюнча сунуштарды киргизүү;
- борбор шаарды кышкы мезгилге даярдоо;
- жер участокторун мыйзамдаштыруу;
- борбор шаарды сапаттуу көмүр менен камсыз кылуу;
- турак жайларды, социалдык объектилерди газдаштыруу;
- жолдорду жана тротуарларды куруу;
- калаанын борбордук жана кошумча көчөлөрүн түшүрүү;
- газ менен жүрүүчү жаңы автобустардын келишине автобазаны даярдоо;
- калдыктарды кайра иштетүүчү заводду курууну тездетүү;
- таштандыларды өз убагында чыгаруу;

Кеңешменин соңунда мэр Эмилбек Абдыкадыров орун басарларына жана шаардык кызматтардын жооптуу жетекчилерине, айтылган ар бир маселе боюнча талдоо жүргүзүп, өз багыттары боюнча мөөнөттөрдү белгилеп, иш пландарды түзүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий