• 88.68
  • 95
  • 0.95

Мэрияга күнүнө 24 саат бою иштөө үчүн келдим – мэрдин м.а. Нариман Түлеев

Коом 0

Бишкек, 20.10.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Нариман Түлеев маалымат жыйын учурунда мэрияга күнүнө 24 саат бою иштөө үчүн келгенин билдирди.

Түлеев татыктуу иштеген кызматкерлердин эч кими иштен алынбай турганын белгилеп кетти.

"Шаардык мэрияга 6 ай ичинде күнүнө 24 саат бою иштөө үчүн келдим. Эгер 6 ай бою күнү-түнү иштесек, анда бир жыл иштеген болобуз", - дейт ал.

Эскерте кетсек, Азиз Суракматов Бишкек шаарынын мэри кызматынан кетип, анын милдетин убактылуу биринчи вице-мэр Нариман Түлеев аткарууда.

Пикир

Оставить комментарий