Жапаров БУУнун Башкы катчысынын БАдагы өкүлү Наталья Герман менен жолукту

Президент 0

Бишкек, 20.10.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антонио Гутерриштин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү, БУУнун Борбор Азия боюнча превентивдүү дипломатия боюнча аймактык борборунун башчысы Наталья Герман менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн расмий сайтында маалымдалат.

Өкмөт башчы БУУ атайы өкүлү Наталья Германга өлкөдөгү реформаларды колдоого алуусу, тактап айтканда, шайлоо, билим берүү тутумунда жана укук үстөмдүгү жаатындагы колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле ал белгилегендей, өлкөдө бийликти өткөрүп берүү процедурасы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине ылайык, тынчтык жолу менен өттү.

«Мага өлкөнүн Конституциясына ылайык, жаңы Президенттик шайлоолорго чейин республиканын Президентинин милдетин убактылуу аткаруу боюнча чоң жоопкерчилик жүктөлдү. Учурда өлкөдөгү абал турукташты жана саясий процесстер конституциялык талаага кайтты. Учурда Өкмөттүн бардык күч-аракети өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын калыбына келтирүүгө жана COVID-19 илдетине каршы күрөшүүгө багытталган», - деп белгиледи Премьер-министр.

Садыр Жапаров ошондой эле экономикалык, социалдык, сот жана укук коргоо чөйрөсүндөгү реформалар боюнча иштер башталгандыгын белгиледи.

«Кыргыз Республикасынын 30 жылдык көзкарандысыздыгы мезгилинде коррупция адамдын жашоо-чөйрөсүндөгү бардык тармактарга кеңири жайылган, бирок биз ан толук жоюу үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз. Албетте, убакыт керектелет, бирок бул иштин натыйжасы жакынкы арада сезиле баштайт. Уюшулган кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча чоң жумуш аткарылууда. Бул иштер жакынкы мезгилде жыйынтыкталаарына сизди ишендирип кетким келет», - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров.

Өз кезегинде атайын өкүл Наталья Герман Өкмөт башчыны Премьер-министрдин кызматына киришүүсү менен куттуктады жана алдыдагы иштерде ийгиликтер болушун каалады.

Ошондой эле ал белгилегендей, Бириккен Улуттар Уюму жана башка эл аралык өнөктөштөр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өлкөдөгү бардык социалдык-экономикалык реформаларды ишке ашыруу боюнча аракеттерин колдоого алат.

Атайын өкүл БУУ Кыргыз Республикасына колдоо көрсөтүп келгендигин жана мындан ары карай да тийиштүү колдоо көрсөтө берээрине ишендирип кетти.

«БУУнун Башкы катчысы А.Гутерриш Кыргызстандагы кырдаалга кылдаттык менен байкоо салууда жана ар тараптан жардам берип, колдоо көрсөтүүгө даяр экенин тастыктады. Ошол эле учурда ал бардык процесстер Кыргыз Республикасынын Конституциясынын алкагында эч кандай басым жасалбай жана адам укуктарын сактоо менен транспаренттүү жана инклюзивдик негизде ишке ашырылат деп эсептейт», - деди Наталья Герман.

Ал ошондой эле ал өлкөдөгү социалдык-экономикалык жана башка реформаларды системалаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана башка министрликтер менен биргеликте Жол картасынын долбоору иштелип чыгарын, аны жакынкы аралыкта бүтүрүү пландаштырылып жаткандыгын баса белгиледи.

Наталья Герман учурда БУУ Кыргызстанга керектүү жардамдын багытын жана көлөмүн карап жаткандыгын билдирди.

Андан соң тараптар акыркы болгон парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын талкуулашты. Премьер-министр алдыдагы парламенттик шайлоо ачык-айкын жана жогорку уюшкандыкта өтөт деп ишендирди.

Атайын өкүл Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ачык-айкын шайлоолорду өткөрүү боюнча аракеттерин жогору баалап, аларды өткөрүүдө эксперттик жана консультациялык жардам сунуштады.

«Кыргыз Республикасы демократиялык өнүгүү, адам укуктарын коргоо жана аны өнүктүрүү боюнча иштерди, ошондой эле эл аралык милдеттенмелерди ырааттуу түрдө аткарууну уланта бермекчи», - деди Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Өкмөт башчы Садыр Жапаров.

Жолугушуунун соңунда Садыр Жапаров БУУнун Башкы катчысы Антонио Гутерриш, ошондой эле БУУнун Башкы катчысынын Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Наталья Германга өлкө үчүн оор болуп турган учурда ишеним көрсөтүп, колдогондугу үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий