• 88.68
  • 95
  • 0.95

25-октябрга чейин аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин жообу

Коом 0

Бишкек, 20.10.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 21-октябрдан 25-октябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

21-октябрда жана 22-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

22-октябрда күндүз жана 23-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

23-октябрда күндүз жана 24-октябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

24-октябрда күндүз кээ бир райондордо жаан тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

25-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 22-23-октябрларда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

21-22-октябрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

23-24-октябрларда мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт.

25-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

21-октябрда жана 22-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

22-октябрда күндүз жана 23-октябрда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ош, Баткен облустарында жана Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.

23-октябрда күндүз жана 24-октябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

24-октябрда күндүз тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

25-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 22-23-октябрларда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

21-22-октябрларда жана 23-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

23-октябрда күндүз жана 24-октябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

24-октябрда күндүз жана 25-октябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

25-октябрда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 22-24-октябрларда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

21-22-октябрларда жана 23-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

23-октябрда күндүз жаан жаашы күтүлөт.

24-октябрда мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы күтүлөт.

25-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 23-24-октябрларда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

21-22-октябрларда жана 23-октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

23-октябрда күндүз жана 24-октябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

24-октябрда күндүз кээ бир райондордо жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

25-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 22-24-октябрларда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий