• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад шаарынын аймагына карантин киргизүү маселеси каралууда

Аймак 0

Бишкек, 20.10.20. /Кабар/. Кечээ Жалал-Абад шаардык штабынын жыйыны өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жыйында акыркы кырдаалга байланыштуу бир катар чечимдер кабыл алынды.

“Чайкана, футболдук аянтчалар, коомдук мончолор белгисиз мөөнөткө жабылды. Коомдук тамактануучу жайларда адамдын саны 50дөн ашса чара көрүлөт. Андан тышкары калктын саламаттыгына кам көрүү максатында мобилдик бригадалар иштей баштады”, - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле шаар аймагына карантин киргизүү маселеси каралууда.

Эске салсак, акыркы эки күн ичинде калаа аймагында 24 адамдан COVID-19 илдети аныкталды.

Пикир

Оставить комментарий