• 88.68
  • 95
  • 0.95

Юстиция министрлиги 2022-жылдын жыйынтыгын чыгарды

Коом 0

Бишкек, 17.02.23. /Кабар/. Юстиция министрлигинде коллегиянын отуруму өтүп, анда 2022-жылдагы ишмердүүлүктүн жыйынтыктары каралды жана 2023-жылга карата пландар талкууланды.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарага президенттин администрациясынын өкүлдөрү, юстиция министри жана министрдин орун басарлары, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Коллегияда тейленген багыттар боюнча аткарылган иштердин отчеттору берилип, көйгөйлүү маселелер, Юстиция министрлигинин жана коллегиянын 2023-жылга карата иш планы бекитилди.

Коллегиянын соңунда министр Аяз Баетов 2023-жылга карата иштин артыкчылыктуу багыттарын белгилеп, биринчи кезектеги милдеттерди койду.

Пикир

Оставить комментарий