• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Балыкчы-Корумду унаа жолунда курулуш иштери уланууда – Транспорт министрлиги

Коом 0

Бишкек, 21-февраль /Кабар/. Балыкчы – Чолпон-Ата – Корумду унаа жолунда 23 км аралыктан 38 кмга чейин жана 83 км аралыктан 92 км аралыкка чейин кум төшөө жана көпүрө, түтүктөрдү куруу түрүндөгү курулуш иштери уланууда. Бул тууралуу “Кыргыз трек” ЖЧКнын туруктуу инженери Урмат Жапаровго шилтеме берүү менен Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, Ысык-Көлдө күн ачык, унаа жолунун курулушчулары тарабынан трассаны авфальбетондук ишке даярдоо үчүн кыш мезгилинде жүргүзүүгө боло турган курулуш иштери аткарылууда.

Эскерте кетсек, “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов туристтик мезгилдин башталышына чейин Балыкчы-Корумду унаа жолунун өткөн жылы башталып, бирок бүтпөй калган тилкелериндеги оңдоо иштери бүткөрүлө турганын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий