• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жогорку соттун төрайымы Калиева видеоконференция байланыш аркылуу жумушчу кеңешме өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 12.10.20. /Кабар/. 2020-жылдын, 9-октябрында КР Жогорку сотунун төрайымы Гүлбара Калиева видеоконференция байланыш аркылуу жергиликтүү соттордун төрагалары жана судьялары менен жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирет.

Катышуучулар өлкөдө болуп жаткан кырдаалды, ишти кароодогу тоскоолдуктарды талкуулашты.

Кеңешмеде негизги маселе катары органдардын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылыш үчүн соттордун, судьялар менен аппарат кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кылуу каралды.

Гүлбара Калиева айрым соттордун төрагалары коопсуздукту камсыз кылыш үчүн кошумча күчтөрдү тартышкандыгын билдирди. Зарыл болгон учурда элдик кошундарды жана күч структураларын тартууну сунуштады. Соттордо нөөмөттөрдү уюштуруу айтылды.

Баткен облусунун Кадамжай райондук сотунда жана Жалал-Абад облустук сотунда COVID-19 учуру аныкталып, сотторду карантинге жабуу боюнча санитардык-эпидемиологиялык кызматынын буйругу чыккандыгы маалым болду.

Гүлбара Калиева мыйзамдарды так сактоонун маанилүүлүгүн эске салды.

Пикир

Оставить комментарий