• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чек ара кызматы: "Торугарт" бекети убактылуу жабылды

Коом 0

Бишкек, 12.10.20. /Кабар/. Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" бекети убактылуу жабылды. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, көзөмөл бекети аба ырайынын кескин начарлашынан улам Кытай тараптын демилгеси менен 12-октябрда оор жүк ташуучу унаалар үчүн жабык болот.

"Эркечтам" бекети оор жүк ташуучу унаалар үчүн атайын кабыл алынган алгоритмдин негизинде кадимки тартипте иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий