• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте «Манас» проспектисинде тосмолор орнотулуп, ирригация тутуму оңдолууда

Коом 0

Бишкек, 21-февраль /Кабар/. “Бишкекасфальсервис” муниципалдык ишканасы Манас проспектисине металл тосмолорду орнотуп, жолдун башынан аягына чейин эки тарабында тең ирригация тармагында оңдоо иштери жүргүзүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Учурда ишкананын кызматкерлери тарабынан 90 темирбетондук тосмо орнотулууда. Тосмолорду орнотуунун максаты - айдоочулардын коопсуздугу камсыздоо жана жол-транспорттук кырсыктарды азайтуу. Ошондой эле, жазгы сугат мезгилине даярдыктарды көрүү максатында Жибек-Жолу проспектисинен мамлекеттик резиденцияга чейин ирригациялык арыктарды оңдоо иштери жүрүп жатат.

Бишкек шаарынын мэриясы жарандарды жана айдоочуларды өткөрүлүп жаткан оңдоо иштерине түшүнүү менен карап, жолдон өтүүдө сак болууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий