• 88.68
  • 95
  • 0.95

Нурлан Дүйшеев: “Биздин максат акыйкаттыкка жетүүгө жол ачып берүү”

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Сот реформасы тууралуу маселе койгондо көп учурда жаңы жазылган мыйзамдар, сот мекемелерин жаңыртуу, судьяларга материалдык-техникалык шарт түзүү тууралуу сөз болот. Азыркы маалыматтык технология өркүндөп жаткан заманда, сот мекемелеринин иши кантип электрондук жолго салынып жатканы да кызык. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуUSAID - IDLOнун Кыргыз Республикасындагы сот системасын бекемдөө программасынынколдоосу менен бул боюнча көп иштерди аткарды. Программанын сот реформасы боюнча кеңешчиси (электрондук сот өндүрүшү) Нурлан Дүйшеев бизге төмөнкүлөрдү айтып берди.

  • Нурлан мырза, сот тармагын электрондук жолго салуу үчүн ишти адегенде эмнеден баштадыңар?
  • Биринчиден, “Кыргыз Республикасынын сот адилеттигин өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө”2012-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы чыккан. Анын негизинде сот тармагынын ачык-айкындуулугу, жеткиликтүүлүгү аныкталган. Кыргыз Республикасынын Жогорку соту,биздин программанын жардамы менен биргеликте, 2013-жылы www.sot.kg сайты ишке киргизилген.Бул сайт адегенде “Сот актыларын жана отурумдарын жарыялоо боюнча”Жогорку соттун 2012-жылы 11-декабрда № 116 буйругунуннегизинде иштеп баштаса, кийин “2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүү” боюнча Мамлекеттик максаттуу программасыбекитилип, 2016-жылы маалыматка жетүү боюнча мыйзамга толуктоолор, өзгөртүүлөр кирип,ага атайын “Адистештирилген сайт” деген түшүнүк менен кирди. Адистештирилген сайт www.sot.kg2012-жылдан 2015- жылга чейин Программа тарабынан колдоого алынып,ал эми 2015-жылдан тартып Мамлекеттик максаттуу программанын аркасы менен Жогорку соттун бюджетинен каржыланууда. Бул сайтта сот отурумдары, сот актылары жана сот иштери боюнча маалыматсудьялар жана алардын жардамчылары аркылуу жайгаштырылат. Мындан сырткары аталган сайтта ресурсту пайдалануу эрежелери, сот актыларын киргизүүнүн кадамдык нускамасы жананормативдик документтер жайгаштырылган.
  • Эми ушул сайтты иштетүүнүн техникалык жактарына токтоло кетсеңиз?

Биз 2013-жылдан тартып Кыргызстандагы жергиликтүү сот мекемелеринкыдырдык. Изилдөөлөрдүн негизиндекеректүү техникалык жабдууларынын түрлөрү жана көлөмү аныкталып, аларМамлекеттик максаттуу программага киргизилди. Анын аркасында бардык жергиликтүү сот мекемелери компьютер жабдуулары жана маалымат инфраструктурасы менен камсыз болуп келе жатат. Демек, Адистештирилген сайттын толук иштөөсү үчүнбардык сот мекемелери компьютер жабдуулары жана интернет байланышы менен камсыз болушу керек. Мисалы, 2012-жылы жергиликтуу сот мекемелеринин интернетке кошулганы 7 болсо, 2017-жылы алардын саны 60ка жакындады.Тагыраак айтканда, 2014-2015- жылдарда биздин программа 44 жергиликтүү сот мекемелерине 359 компьютер жабдууларын таратып берип, 50 жергиликтүү сот мекемелерин интернет түйүнүнө байланышканга кеңири мүмкүнчүлүк түзүп берди. Андан тышкары, сайттын эң алгачкы кадамдары менен бирге USAID - IDLOнун Кыргыз Республикасындагы сот системасын бекемдөө программасы судьяларды жана сот кызматкерлеринсайтты колдонуу жана пайдалануу боюнча окутуу иш-аракеттерин үзгүлтүксүзжүргүзүп келди.Адистештирилген сайттын максаты - соттордун ишиндеги айкындуулукка жетишүү жана жарандардын соттук иштер, отурумдардын убактысы жана судьялар чыгарган актылар менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу. Мындан сырткары соттук актыларды түзүү техникасын өнүктүрүү жолу менен сот адилеттүүлүгүн сапаттуу жүзөгө ашырууга жетишүү жана бирдей соттук практиканы камсыздоо үчүн сот тутумунун кызматкерлери тарабынан www.sot.kgсайтына иштерди, отурумдарды жана соттук актыларды кошуу жөнүндө маалыматтарды үзгүлтүксүз жана дайыма киргизүү.

Негизинен жергиликтүү сот мекемелерин камсыздоо иштериСот департаменти тарабынан аткарылат.Бирок, сот системасынын ичиндеги компьютер инфраструктурасын түзүү жана анын туура калыптанышын көзөмөлдөө татаал маселе. Ошондуктан биздин программанын жардамы менен 2015-2016- жылдары Сот департаментиндемаалыматтык технологиялар боюнчаатайынАдилет сот мекемеси түзүлүп, сот тармагын маалыматтык-техникалык жактан камсыздап, алгачкы инфраструктурасын түзүү үстүндө иштеп жатат. Алдыга коюлган план боюнча,Сот департаменти менен Адилет сот мекемеси 2017-жылдын аягына чейин өлкөдөгү бардык сот мекемелерин интернет түйүнүнө байланыштырып, компьютер жабдуулары менен камсыз кылуусузарыл.

Бүгүнкү күнү Сот департаментинин алдына койгон максаттары стратегиялак жактан заманбап десек болот. Анткени, документтердин айланышын электрондоштуруу,сот отурумдарынаудио-видеого түшүрүү жанапротоколдоштуруу системасын киргизүү, сот актыларын мамлекеттик реестрден өткөрүү-бул дүйнө жүзүндө болуп жаткан процесстердин бири. Мунун баары сот системасынын бирдиктүү электрондук базасын түзүүгө жол ачат. Жергиликтүү соттор бул системага туташкан соң, бардык ишти электрондук түрдө жүргүзө баштайт. Ал эми коомчулукка бул чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Мисалы, азыр биринчи инстанциядагысоттон бир документ экинчи инстанциядагы сотко жетиш үчүн бир топ убакыт кетет. Иш каралып бүткөндөн кийин кайра биринчи инстанцияга дагы бир топ убакытта келет экен. Келечекте биздин жарандар үйдөн отуруп эле сотко арыз жазып, электрондук кол коюу менен иш кагаздарын сотко жибере алгандай мүмкүнчүлүктөргө ээ болсо деген максатыбыз бар. Сот дагы андай арыздарды кабыл алуу үчүн даярдалган программа, жетиштүү техника, интернет менен камсыз болот деген терең ишеничтебиз.

  • Нурлан мырза, сиз баятан бул иштин инфраструктурасы боюнча айттыңыз. Ал эми бул сайтка коомчулук ыраазы же нааразы болгонуна, аудиториясы кимдер болооруна кызыгып көрдүңүзбү?
  • Албетте, сайттын аудиториясы юриспруденция жаатындагы илимий чөйрө, судьялар, адвокаттар, прокурорлор, окуу жайлар, студенттер, мамлекеттик бийликтин юридика тармагында иштеген кызматкерлер экен. Биздин байкоолорубузга караганда карапайым элге бул сайт өзгөчө кызыкчылык туудурбайт,бирок кеңири коомчулук үчүн бул сайт негизи керек деп эсептейбиз. Башында айрым судьялар бул сайттын иштей турганына ишене албай келишкен. Себеби элдин арасында нааразычылык болушу мүмкүн деп ойлошкон.Тилекке жараша, сот актыларынын тексттери коомчулукка ачык болгону,алардын сапатынын жогорулашына түздөн түз таасир этери аныкталды. Азыр судьялар жана сот кызматкерлери сайттын ачыктыкка багытталган функциясын баалап жатышат.Анткени мурун маалыматты даярдап берүүгө сарпталган убакыт үнөмдөлүп жатат. Дагы бир көрүнүш,акыйкаттык издеп жаткандар үчүн эң баалуу маалымат булагы болгонун байкабай кое албайбыз. Биздин максат да акыйкаттыкты издеген адамдарга аны табууга мүмкүнчүлүк түзүп берүү.

Булак: “Фабула” гезити

Пикир

Оставить комментарий