• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Азия өнүктүрүү банкы Алматы-Бишкек экономикалык коридорун түзүүнү каржылайт

Коом 0

Бишкек, 17.02.23. /Кабар/. Бүгүн, 17-февралда Бишкекте Кыргыз-Казак өкмөттөр аралык кеңешинин алдындагы Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы Алматы-Бишкек экономикалык коридору (АБЭК) боюнча чакан комитеттин 7-жыйыны өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйын КР экономика министринин орун басары Канат Абдрахманов менен Казакстандын улуттук экономика министринин орун басары Абзал Абдикаримовдун тең төрагалыгы астында өтүп, ага Азия өнүктүрүү банкынын Борбордук жана Батыш Азия боюнча башкы директору Евгений Жуков, Регионалдык кызматташтык жана операцияларын координациялоо директору Лязиза Сабырова, AБЭК тобунун лидери Кристиан Росбах, АӨБдин Кыргызстандагы туруктуу миссиясынын директору Канокпан Лао-Арая, ошондой эле эки өлкөнүн негизги мамлекеттик органдарынын жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун максаты - кыргыз-казак кызматташтыгын бекемдөө жана бирдиктүү атаандаштыкка жөндөмдүү аймакты түзүү үчүн Алматы-Бишкек экономикалык коридорун өнүктүрүүгө көмөктөшүү.

Жолугушууда Алматы-Бишкек экономикалык коридорунун алкагында транспорт инфраструктурасы, абанын сапаты жана табигый кырсыктар, саламаттыкты сактоо, туризм жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк тармагында ишке ашырылып жаткан долбоорлор талкууланды.

Азия өнүктүрүү банкы тарабынан төмөнкү долбоорлор сунушталды:

- Алматы менен Бишкектин ортосунда электроавтобустарды колдонгон автобус кызматы;

- АБЭКтин чек ара кызматтарын жакшыртуу;

- Алматы-Ысык-Көл альтернативалык жолу.

Ошондой эле Бишкек жана Алматы шаарларындагы абанын сапатына мониторинг жүргүзүү, табигый кырсыктардын тобокелин башкаруу, саламаттыкты сактоо, атап айтканда, аймактык маалымдама борборун түзүү боюнча докладдар угулду.

Өз баяндамасында Росбах AБЭК демилгесинин 1-фазасын каржылоонун көлөмү 3,225 млн долларды түзөөрүн, ал эми 2-фазасын 1,9 млн доллар өлчөмүндө каржылоону жактырганын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий